super.kg logo
  Саясат  

Сузактагы кайра шайлоодо Алтынбек Кылычбаев жеңүүчү деп табылды

 

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештеги бир мандаттуу №13 Сузак округу боюнча мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоонун расмий жыйынтыгы чыгарылганын билдирди.

Ага ылайык, 10 миң 174 добуш топтоп, шайлоочулардын 48.32 пайыз добушун алган Алтынбек Кылычбаев жеңүүчү деп табылды.

Ал эми Медербек Сапарбаев 3 миң 280 (15.58 пайыз), Жыргалбек Сейдахматов 2 миң 493 (11.84 пайыз), Мелисбек Кошалиев 2 миң 435 (11.56 пайыз), Асилбек Арапбаев 1 миң 351 (6.42 пайыз), Юлия Лилиенталь 749 (3.56 пайыз), Бейшенбек Бегматов 212 (1.01 пайыз) добуш алышса, 134 киши "баарына каршы" добуш берген.

Эске салсак, 19-июлда БШК Сузак шайлоо округунан депутат болгон Тазабек Икрамовдун ыйгарым укуктарын өзү жазган арыздын негизинде токтоткон. Ал 17-июлда УКМКга сурак берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: