super.kg logo

Жылнаама. 29-декабрь: Мындан 7 жыл мурун www.super.kg порталында "Супер-Форум" иштей баштаган

 
* Мындан 7 жыл мурун, тагыраак айтканда, 2006-жылы 29-декабрда www.super.kg порталында "Супер-Форум" ишке киргизилген. Ушул күндөн тарта колдонуучуларга ар кандай актуалдуу, кызыктуу темалар боюнча өз ара талкуу уюштурууга, пикир алышууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Бүгүнкү күндө супер-форумчулар бири-бири менен достошуп, Кыргызстанда, чет өлкөлөрдө байма-бай жолугушууларды өткөрүп турушат. Айта кетсек, алар Москва, Вена, Нью-Йорк сыяктуу дүйнөнүн бир катар ири шаарларында жолугушууларды өткөрүшкөн. Ошондой эле форумчулар ар кандай кайрымдуулук иштерин уюштуруп, карылар, балдар үйлөрүнө жардам берип келишет.

* Мындан 28 жыл мурун ырчы жана актёр Нурбек СавитахуновФрунзе шаарында жарыкка келген. Ал элге “Малышка Би”, “Мне нужна любовь”, “Беги за ней”, "Bishkek city" деген ырлары жана "Жатакана" телесериалында жараткан ролу менен белгилүү. Нурбек Борбордук Азиядагы Америка университетинен саясат таануу адистиги боюнча билим алган. Англис, испан, орус тилдеринде эркин сүйлөйт. Хоббиси - баскетбол ойноо.

* 2006-жылы 29-декабрда ЖКнын депутаттары Улугбек Ормонов менен Темир Сариев добуш берүү учурунда талаша кетишип, мушташып кетүүгө аз калышкан. Аларды Өмүрбек Текебаев “журналисттер карап турат” деп токтотуп калган.
* 2010-жылдын 29-декабрында Интерпол Курманбек Бакиевди жана анын үй-бүлөсүн издөөнү жарыялоодон баш тарткан.
* Мындан 3 жыл мурун Баткен облусунун Андарак айылында кыргыздар менен тажиктердин ортосунда жаңжал чыккан.

1938-жылы, мындан 75 жыл мурун атактуу америкалык актёр, "Оскар", "Алтын глобус"
киносыйлыктарынын ээси Жон Войт Нью-Йорк шаарында жарыкка келген. Ал дүйнө элине "Анаконда", "Трансформерлер", "Али", "Мамлекеттин душманы", "Үйгө кайтуу" тасмаларында жараткан ролдору менен белгилүү. Жон Войт 1962-жылы актриса жана бийчи Лори Питерске баш кошкон. Тилекке каршы, алардын никеси 5 жылга гана созулган. Кийин актёр Маршелин Бертран аттуу айым менен түтүн булаткан. Андан Жеймс Хейвен аттуу уулу жана Анжелина Жоли аттуу кызы бар.

Жылнаама толугу менен бул жакта...


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.12.2013. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер-форум оздук майрамынар менен куттуктайбыз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: