super.kg logo
  Спорт  

ЦСКА кулубуна кошулган атактуу футболчу Орусия тууралуу 2 жыл мурун айткан сөзү үчүн кечирим сурады

 

"Барселона" жана "Ювентус" клубдарында ойногон босниялык жарым коргоочу Миралем Пьянич Москванын "ЦСКА" клубуна кошулгандан кийин Орусия тууралуу айткан сөзү үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу Матч ТВ телеканалы жазды.

Эске салсак, 34 жаштагы футболчу 2022-жылы Орусия менен Босния-Герцеговина курама командаларынын жолдоштук беттешин өткөрүүгө дүйнөдөгү саясий кырдаалдан улам каршы болгон.

Бул сөзү үчүн ал кечээ, 26-сентябрда москвалык клуб менен келишим түзүп жатып кечирим сураган.

"Эки жыл мурунку сөздөрүмдү азыр көптөр талкуулап жатканын билем, бирок мен Орусияга же орус футболуна каршы эч нерсе айткан эмесмин. Эгерде бул сөзүм үчүн кимдир бирөөнү капа кылган болсом кечирим сурайм", - деген Пьянич.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: