Индияда диний майрамды белгилөө учурунда 46 адам сууга чөгүп каза болду
Индиянын чыгышында индиялыктардын диний майрамын белгилеп жаткан учурда 46 адам сууга чөгүп каза болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Каза болгондор Бихар штатынын 15 районунда катталгандыгы маалым болгон. Табигый кырсыктарды жоюу боюнча расмий өкүлдүн айтымында, адамдар дарыяларга жана көлмөлөргө ырым-жырым менен жуунуп жатып каза болгон. Каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн экендиги белгиленүүдө.
Үч күндүк "Дживитпутрика" фестивалы жыл сайын өтөт. Майрамда энелер балдарынын жакшылыгы үчүн орозо кармап, анан сууга түшүшөт.
Өткөн жылдын июль айында Уттар-Прадеш штатынын түндүгүндөгү диний жыйындагы тыгында 121 адам каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.