super.kg logo

Казакстанда өзүнүн ички органын сатууга аракет кылган жаран кармалды

 

Коңшу Казакстандын Актөбө облусунда адамдын органын мыйзамсыз сатуу аракети аныкталды. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Актөбө облустук прокуратурасынын кызматкерлери интернет мейкиндигине мониторинг жүргүзүү учурунда ички органдарды сатуу боюнча жарнама тууралуу маалыматты аныкташкан.

"25-сентябрда прокуратура органдары тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында өзүнүн ички органын 9 миллион теңгеге сатууга аракет кылган Е. аттуу жаран кармалды", - деп билдиришкен прокуратурадан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 116-беренесинин 1-бөлүгү менен сотко чейинки иликтөө иштери башталып, тергөө амалдары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: