super.kg logo

Бишимбаевдин мурдагы жубайы Башкы прокуратурага жана Жогорку сотко кайрылды

 

Куандык Бишимбаевдин мурдагы жубайы Назым Кахарман аны аталык укугунан ажыратууну каалайт. Бул тууралуу ал Астанада өткөн маалымат жыйынында билдирген.

Назым Кахармандын айтымында, ал Куандык Бишимбаевди аталык укугунан ажыратуу боюнча сотко кайрылган. Сот аны четке каккан, анткени Салтанат Нукенова Бишимбаевдин мыйзамдуу аялы болбогондуктан, ал өзүнүн тууганын же үй-бүлө мүчөсүн өлтүргөн деп эсептелбейт.

Кошумчалай кетсек, Назым Кахарман балдарынын фамилиясын алмаштырууну каалаган, бирок сот ага да макул болгон эмес.

Ага ылайык, Назым Кахарман Жогорку сотко жана прокуратурага кайрылууга мажбур болууда.

Бишимбаевдин мурдагы жубайынын жактоочусу Мадина Уатбекова аны аталык укуктан ажыратуу негиздери боюнча түшүндүрмө берди: биринчиси үй-бүлө мүчөсүн өлтүрүү, экинчиси балдарга психикалык зомбулук көрсөтүү.

Май айында Назым Кахарман анын балдары Бишимбаевдин фамилиясынан баш тарткысы келгенин айткан.

13-майда Астана шаарында жубайы Салтанат Нукенованы кыйнап, мыкаачылык менен өлтүргөн делген Куандык Бишимбаевдин резонанстуу иши боюнча соттук отурум аяктап, судья мурдагы министрди 24 жылга эркинен ажыраткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: