super.kg logo

Легандарлуу парламенттин депутаты Бегиш Аматов дүйнө салды

 

Легендарлуу парламенттин депутаты, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Бегиш Аматов 75 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал кечээ, 26-сентябрда көз жумган.

Бегиш Аматов 1949-жылы Ош облусунун Алай районуна караштуу Көлдүк айылында туулган. Алгач 1966-жылы зооветеринардык техникумду аяктап, андан соң 1971-жылы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн.

Эмгек жолун 1971-жылы Алай совхозунда зоотехник болуп иштөөдөн баштаган. 1974-1976-жылдары Ленин совхозунда башкы зоотехник, 1976-1981-жылдары Социализм совхозунун директору болуп эмгектенген. 1981-1983-жылдары Алматы шаарындагы жогорку партиялык мектептен билим алып, 1983-1990-жылдары Базар-Коргон районунун 2-секретары болуп кызмат кылган.

Аматов 1990-1994-жылдары эл арасында “Легендарлуу парламент” деп аталган Кыргыз ССР Жогорку Советинин XII чакырылышынын депутаты болгон. 1991-жылдын 31-августунда алгачкылардан болуп Кыргызстандын көз карандысыздыгы жөнүндө декларацияны кабыл алуу демилгесин көтөрүп, элибиздин эгемендүүлүк алышына зор салымын кошкон.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Бегиш Аматовдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: