Ооганстанда 500дөн ашуун жаран белгисиз илдет менен жабыркашууда
Ооганстандын борборундагы Парван провинциясында 500дөн ашуун адам белгисиз жугуштуу ооруга чалдыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар провинциянын губернаторунун басма сөз катчысы Хекматулла Шамимге шилтеме берүү менен билдирди.
Анын айтымында, илдетке чалдыккандардын көпчүлүгү Шинвар районунун Дара Кашфан аймагында катталууда. Ошондой эле бейтаптардын саны күн санап өсүүдө. Жергиликтүү бийлик эки адам каза болгонун, дагы 50 кишинин абалы оор экенин тастыктаган.
Ошондой эле медицина кызматкерлери илдетти жугузуп алгандардан кан үлгүлөрүн алышкан.
Оорунун белгилерине физикалык алсыздык, булчуңдардын катуу оорушу, ич өткөк жана жогорку температура кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.