super.kg logo
  Саясат  

Жээнбек Кулубаев Монаконун тышкы иштер министри менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү

 

Кечээ, 26-сентябрда Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Монаконун Тышкы иштер министри Изабель Берро-Амадей менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Анда тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыктын мүмкүн болгон багыттарын талкуулашты.

Ага ылайык, Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин убактылуу мүчөсү катары талапкерлигин көрсөтүп жатканын айтып, бул талапкерликти колдоп берүүнү өтүндү.

"Тараптар БУУну кошкондо эл аралык уюмдардын алкагында өз ара кызматташтыкты чыңдоо боюнча макулдашып, эки тараптуу байланышты мындан ары бекемдөөгө даяр экендиктерин ырастады", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: