super.kg logo

Beeline DevFest Bishkek 2024 IT-иш-чарасында: келиңиздер, кызыктуу болот!

 

Ушул жекшембиде Бишкекте көптөн күткөн жылдын IT-иш-чараларынын бири - DevFest Bishkek 2024 өтөт. Beeline Кыргызстан Компаниясы бул масштабдуу иш-чаранын күмүш демөөрчүсү болуу менен бирге эмне үчүн бул иш-чарага сөзсүз баруу керектигин айтып берди.

DevFest – дүйнө жүзү боюнча Google Developer Groups (GDG) коомчулугу тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү жергиликтүү IT конференциясы. Кыргызстанда иш-чараны GDG Bishkek IT-энтузиасттар тобу жергиликтүү IT-коомчулугу менен биргеликте уюштурууда.

DevFest Bishkek 2024 29-сентябрда саат 10:00дөн 18:00гө чейин БААУда (Аалы Токомбаев көч. 7/6) өтөт. Бул жылы Бишкектеги конференция катышуучуларды кызыктуу баяндамалар менен гана эмес, интерактивдүү воркшоптор менен да кубандырат. Жергиликтүү адистер жана чет элдик эксперттер Web-иштеп чыгуу, булуттук технологиялары, Android, QA жана башка чөйрөлөрдөгү тажрыйбалары жана акыркы тенденциялар менен бөлүшүшөт.

Инновациялык компания жана негизги иш берүүчү катары Beeline Кыргызстан дагы DevFest Bishkek 2024 иш-чарасына активдүү катышат. Иш-чарага компаниянын өкүлдөрү катышып, Beeline’дагы бош орундар жана карьералык мүмкүнчүлүктөр тууралуу сүйлөшүшөт. Конференцияда Beeline адиси, маалыматтык коопсуздук боюнча менеджер Антон Копейкин да сөз сүйлөйт. Ал киберкоопсуздуктун негизги принциптери тууралуу айтып, азыркы заманбап дүйнөдө бул талаптарды аткарбоо кандай кесепеттерге алып келээрин түшүндүрөт.

Сизди DevFest Bishkek 2024 дагы эмнелер күтөт:

  • Эң мыкты IT-адистерден эксперттик лекциялар.
  • Өнөр жай лидерлери жана пикирлеш адамдар менен нетворкинг.
  • Иш-чаранын катышуучулары үчүн сюрприздер жана бонустар.

Кыргызстандын IT тармагындагы эң жаркын окуянын бөлүгү болуу жана өзүңүздүн кесиптик горизонтторуңузду кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!

Билеттерди төмөнкү шилтеме боюнча алса болот.

DevFest 2024 иш-чарасында жолугушканча!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: