Камчыбек Ташиев "Оберег" реабилитациялык борборуна Mercedes-Benz Sprinter берди




Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасынын негизинде "Оберег" реабилитациялык борборуна материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-сентябрда "Оберег" борборуна майыптыгы бар балдарды ташуу үчүн Мерседес Бенц Спринтер үлгүсүндөгү кичи автобустун ачкычы, баалуу белектер жана концелярдык товарлар үчүн акча каражаты тапшырылды.
Буга чейин УКМК төрагасына реабилитациялык борбордун кызматкерлери балдарды ташуу үчүн унаа берүүсүн айтып кайрылышкан.
Мындан тышкары маалыматта аталган борборго УКМК кызматкерлеринин атынан маал-маалы менен материалдык жана башка жардамдар көрсөтүлүп турары айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.