super.kg logo

Жаза аткаруу кызматына 27 атайын кызматтык унаалар тапшырылды

 

Министрлер кабинети Жазаларды аткаруу кызматына наркы 50 миллион сомду түзгөн автоунааларды тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда аталган мекемеден билдиришти.

Ага ылайык, Министрлер кабинети тарабынан ЖАКтын ыкчам-кызматтык милдеттерин өз убагында аткаруу жана материалдык-техникалык базасын оптималдаштыруу максатында 50 миллион сом акча каражаты бөлүнгөн.

Автоунааларды тапшыруу аземине юстиция министри Аяз Баетов катышып, кызматкерлерди автопарктын жаңыланышы менен куттуктап, акыркы жылдары пенитенциардык системада жүргүзүлүп жаткан реформаларга жогору баа берди.

Жогоруда көрсөтүлгөн суммага 25 даана төмөнкү унаалар сатылып алынган:

- 23 даана Chevrolet Tracker автоунаасы;

- 1 Chevrolet Cobalt автоунаасы;

- 1 даана 5 тонналык Isuzu жүк ташуучу унаасы.

Мындан тышкары тендердин алкагында 18 орундуу Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү 1 кичи автобус жана 1 KIA Carnival кичи автобусу сатылып алынган. Быйыл ЖАКтын автопаркы 27 жаңы унаа менен толукталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: