super.kg logo

"Asman Airlines" учагы Бишкек-Ош каттамын ийгиликтүү аткарды  

 

“Asman Airlines” мамлекеттик авиакомпаниясынын учагы Бишкек–Ош багыты боюнча алгачкы каттамын аткарып, 80 жүргүнчү учуп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.

Билеттин минималдуу баасы 3300 сомду түзсө, акыркы 5 орунга супер эконом — 4000 сом, толук эконом — 4500 сом жана флекс эконом — 5000 сомдук атайын тарифтер сунушталат.

Каттамдар Ош шаарына 27-сентябрдан, Жалал-Абад шаарына 28-сентябрдан, Баткенге 3-октябрдан башталат.

"Учак жүргүнчүлөргө толуп, авиабилеттерге болгон суроо-талаптын көптүгүнө байланыштуу Казарман, Раззаков жана Талас багыты боюнча каттамдарга авиабилеттерди сатуу убактылуу токтотулду", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин 6-сентябрда Кыргызстандын ички каттамдары үчүн Канададан сатылып алынган учактардын алгачкысы “Манас” эл аралык аэропортуна конгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: