super.kg logo

Зеленский президенттик шайлоого даярданууда

 

Украинанын президенти Владимир Зеленский бийликтеги позициясын бекемдөөнү каалайт жана бул үчүн ал 2025-жылы президенттик шайлоо өткөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу The Economist журналы өздүк булактарына таянуу менен жазып чыкты.

Басылма ошондой эле Украинанын Улуттук демократиялык институтунун маалыматтарына шилтеме жасап, Зеленскийдин рейтинги 2023-жылдын майындагы 80 пайыздан быйыл 45 пайызга түшкөнүн белгилейт. Башында жүрүп жаткан согушка байланыштуу бардык негизги саясий партиялар шайлоону тынчтык орногонго чейин жылдырууга макул болушкан. Бирок айрым маалыматтарга караганда, Зеленский азыр өз бийлигин бекемдөө үчүн мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат.

Украин оппозициясынын лидерлеринин бири Юлия Тимошенко өлкөдө шайлоого саясий даярдыктар жүрүп жатканын басылмага ырастады. Зеленскийдин кеңсеси бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

Зеленскийдин президенттик мөөнөтү расмий түрдө ушул жылдын май айында аяктаган. Бирок өлкөдө жарыяланган аскердик абалдын фонунда президент согуштук аракеттер аяктаганга чейин шайлоо дайындоону токтото турууну чечкен.

Бардык талкууларга карабастан май айындагы сурамжылоолор көрсөткөндөй, украиналыктардын үчтөн экисинен көбү шайлоо согуш аяктагандан кийин гана өткөрүлүшү керек деп эсептейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: