super.kg logo
  Саясат  

Глобалдык кеңештин эксперттери жаңы Ак үйгө "фантастикалык" деп баа беришти

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров креативдик экономика боюнча Глобалдык кеңештин эксперттери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Жапаров өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө жетишүү боюнча пландары менен бөлүшүп, 2030-жылга карата ИДПнын көлөмүн 30 миллиард долларга жеткирүү максатын белгилеп, аны “илбирсттин секириги” деп атады.

"Кеңештин эксперттери креативдүү индустриянын маанилүүлүгүнө берген жогорку баасы үчүн өкмөт башчыга ыраазычылык билдиришип, Президенттин администрациянын жаңы имаратына "фантастикалык" деп жогору баа беришти.

Мындан тышкары алар Кыргызстандын креативдүү индустриясына кызыгуусун билдирип, креативдүү экономика тездик менен өсүп, жумуш орундарын түзүп жатканын, ошондой эле башка тармактардын өнүгүшүнө түрткү болуп жатканын белгилешти", - деп айтылат маалыматта.

Кеңештин эксперттери өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, креативдүү экономиканы өнүктүрүүнүн дүйнөлүк тенденцияларын талдап, аны Кыргызстанда өнүктүрүү боюнча бир катар сунуштарды беришти.

Акылбек Жапаров эксперттердин иш сапары үчүн ыраазычылык билдирип, алардын кеп-кеңештери жана сунуштары Кыргызстан үчүн чоң мааниге ээ экенин баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: