Бишкекте көп балалуу энелерге "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы тапшырылды





Бишкекте президенттин атынан көп балалуу энелерге "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда калаа мэриясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Свердлов акимиатында район башчысы сыйлыктар менен куттуктап, 16 энеге "Баатыр эне" орденин, 12 энеге "Эне даңкы" медалын тапшырды.
Октябрь районунда башчынын биринчи орун басары салтанаттуу түрдө 7 энеге "Баатыр эне" орденин, 6 энеге "Эне даңкы"медалын тапшырды.
Ленин районунда аким 18 энеге "Баатыр эне" орденин, 9 энеге "Эне даңкы" медалын тапшырды.
Биринчи май акимиатында район башчысы сыйлыктар менен куттуктап, 12 энеге "Баатыр эне" орденин, 6 энеге "Эне даңкы"медалын тапшырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.