Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Түркмөнстанды жеңди

Кыргыз футбол биримдиги билдиргендей, оюн 1:0 эсебинде Кыргыз курамасынын жеңиши менен аяктады.
Белгилей кетсек, тандап алуу оюндарына жалпы 10 тайпага бөлүнгөн 45 курама команда катышууда. Азия биринчилигинин финалдык бөлүгүнө тайпанын жеңүүчүсү жана тайпада эң мыкты көрсөткүчтөр менен экинчи орунду ээлеген беш курама жолдомо алышат.
Кыргыз курама I тайпасында Мьянма, Түркмөнстан жана Жапония курамалары менен бирге жайгашкан. Учурда курама турнирдик жадыбалда 6 упай менен экинчи орунда. Курама кийинки беттешин 29-сентябрда Жапонияга каршы өткөрөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.