super.kg logo

АКШнын түштүк-чыгышында бороон-чапкындан ондогон адам каза болду

 

АКШнын түштүк-чыгышында Хелен бороон-чапкынынан кеминде 43 киши набыт болуп, миллиондогон адамдар жарыксыз калды. Бул тууралуу дүйнөлүк басалмалар жазышты.

Маалыматка караганда, адегенде бороон Флорида штатын каптап, андан кийин Жоржия, Түндүк жана Түштүк Каролинага өткөн.

Флориданын бийлик өкүлдөрү берген маалыматка ылайык, штатта кеминде сегиз адам каза болгон. Жоржиянын губернатору Брайан Кэмп штатта бороондон улам кеминде 15 киши (анын ичинде бир куткаруучу) көз жумганын билдирди.

Анын айтымында, штатта 150дөн ашык жол жабылып, 1300 жол чырак иштен чыгып, кээ бир адамдар айрым имараттардан чыга албай калууда.

CBS News жазгандай, Түштүк Каролинада кеминде 17 адам каза болгон. Түндүк Каролинада эки жаран, Вирджинияда бир адам көз жумганы кабарланган. Жаратылыш кырсыгы төрт миллиондой адамды электр жарыгысыз калтырган.

NetBlocks эл аралык интернет-мониторинг кызматы бороон-чапкындан улам АКШнын түштүк-чыгышында жана борбордук бөлүгүндө интернет ири масштабда үзгүлтүккө учураганын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: