super.kg logo
  Саясат  

Апта ичинде өлкөдө орун алган кадрдык өзгөрүүлөр 

 

Өлкөдө 23-сентябрдан 27-сентябрга чейин бир нече кадрдык өзгөрүүлөр орун алды. Аларды бир топтомдо тизмектейбиз.

24-сентябрда Акылбек Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Экономика жана коммерция министринин орун басары болуп Гүлшат Асылбаева дайындалды. Ал 2023-жылдын сентябрь айынан бери Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрайымы болуп иштеп келген.

Белгилей кетсек, Асылбаева 2015-жылы "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Ушул эле күнү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын милдети Женалы Орозбаевге жүктөлдү.

Апта ичинде Евразия экономикалык комиссиясынын Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин директору болуп Бакай Маканбаев дайындалды. Бул убакка чейин ал департаменттин протоколдук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

БШК 26-сентябрда №13 Сузак округу боюнча мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, Алтынбек Кылычбаев жеңүүчү деп табылды. Ал 10 миң 174 добуш топтоп, шайлоочулардын 48.32 пайыз добушун алган. Кылычбаев Тазабек Икрамовдун ордуна Жогорку Кеңештин депутаты болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: