"Катуу чаралар көрүлөт". Бүгүн Бишкек менен Чүйдө дээрлик бардык унаалар текшерилет
Бүгүн, 28-сентябрда кечинде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Бишкек шаарынын жанан Чүй облусунун аймагында маштабдуу рейд жүргүзөт. Бул тууралуу мекемеден кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, рейд жол кырсыктарын алдын алуу жана бөгөт коюу максатында өткөрүлүп жатат.
"Рейд учурунда транспорт каражаттарынын бардык түрлөрү текшерилет. Автоунааны катуу ылдамдыкта айдаган, мас абалында унаа башкарган, автобейбаштык кылгандар жана башка жол эрежесин бузгандарга карата катуу чаралар көрүлөт" деп жазылат анда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.