super.kg logo
  Саясат  

Жапаров "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол компаниясы" ЖЧКнын ачылышына катышты

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун ачылышына катышты. Бул тууралуу өкмөттөн бүгүн, 28-сентябрда билдиришти.

Анда "Биз бул долбоорго абдан жогору баа берип, аны кылымдын курулушу деп атайбыз. Бул Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык өз ара аракеттенүүнү сапатты жагынан жаңы деңгээлге алып чыгат" - деген МинКаб башчысы бул долбоорду ишке ашыруу Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстандын соода-экономикалык кызматташтыгын тереңдетүүгө жардам берээрин белгиледи.

"Бул тарыхый окуяга жетүү үчүн көп жана жемиштүү иштер жасалганы талашсыз. Бирок, бул долбоорду толук ишке ашыруунун биринчи гана кадамы экендигин айта кетүү керек, биздин алдыбызда зор иштер турат. Ошол эле учурда Кытайдан жана Өзбекстандан келген кесиптештерибиздин абдан бай тажрыйбасына таянып, биз бул ишти сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүтүрөбүз деп ишенимдүү айта алам" -деди Жапаров.

Белгилей кетсек «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол компаниясы» ЖЧКсынын ачылышына, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Элчиси Ду Дэвэн, Кытайдын чет өлкөлүк капиталды пайдалануу жана чет өлкөдө инвестицияларды берүү департаментинин директорунун орун басары Чжан Цзянхуа, Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов, “Чайна рейлвей интернешнл” компаниясынын башкы директору Чжоу Син катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: