Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан 3 жаштагы баланын сөөгү табылды
Жалал-Абад облусундагы Ырыс айылында дайынсыз болуп изделип жаткан 3 жашар баланын сөөгү табылды. Бул боюнча облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга баланын апасы кайрылып, 26-сентябрда 3 жаштагы уулу Т. Б. үйдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келбегенин айткан.
Аталган факты Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.
Бүгүн, 28-сентябрда изделип жаткан баланын жансыз денеси беде талаадагы каналдын боюнда табылган. Ага ылайык, тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.