super.kg logo

Украинанын Жогорку сотунун судьясы дрон чабуулунан набыт болду

 

Украинанын Жогорку сотунун судьясы Леонид Лобойко Харьков облусунда орусиялык учкучсуз учактын чабуулунан каза болду. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар Украинанын Жогорку сотуна таянып жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кылмыш иштери боюнча кассациялык соттун судьясы болгон Лобойко унаа айдап, жергиликтүү тургундарга гуманитардык жардам жеткирип жаткан учурда анын унаасына дрон тийген. Ал ошол жерден каза болгон. Кол салууда үч аял дагы жарадар болгону айтылат.

Харьков облустук прокуратурасы дрондун соккусу 61 жаштагы судья айдаган жарандык унаага багытталганын ырастады.

Ошол эле күнү орусиялык соккулар Слатино кыштагына да тийип, үч киши набыт болуп, дагы үчөө жарадар болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: