super.kg logo

Бишкекте Snow Leopard Run - 2024 бешинчи эл аралык кайрымдуулук жарым марафону өттү

 

Бүгүн, 29-сентябрда Бишкекте Snow Leopard Run - 2024 бешинчи эл аралык кайрымдуулук жарым марафону өттү.

Жарыш калаанын негизги көчөлөрүндө болду. "Ала-Тоо" аянтында башталып, 4,5 миңге жакын адам катышты. Катышуучулар 5, 14 жана 21,1 чакырым аралыкка чуркашты. 1,2,3 -орун алган жөө күлүктөр акчалай жана демөөрчүлөрдүн ар кандай сыйлыктарына ээ болушту.
Ошондой эле 3 жаштан 13 жашка чейинки балдар үчүн 1 чакырым, 500, 300, 100 метр аралыкка чуркоо өткөрүлдү.
Уюштуруучулар белгилегендей, Snow Leopard Run - 2024 жарым марафонунун максаты спортту жана сергек жашоо образын жайылтуу гана эмес, Кыргызстандын символу - ак илбирсти сактап калууга көңүл бурдуруу.

Жыл сайын катышууга төлөнгөн каражат ак илбирсти жана экосистеманы коргоо боюнча глобалдык программага которулуп, фотокапкан сатып алынып келет. Ошондой эле жаратылыш чөйрөсүндөгү башка муктаждыктарга жумшалат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: