super.kg logo

Бишкек мэри калаада көчмө жыйын өткөрдү (видео)

 

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, калаа башчы Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки Гоголь көчөсүнүн эки тарабындагы жолду жана тротуарды оңдоо иштерин текшерди. Ошондой эле Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Чоң Чүй каналы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн уландысынын курулушун текшерди, жолдун узундугу 1200 метрди түзөт.

Ал аткарылып жаткан иштердин сапатын көзөмөлдөөнү күчөтүүнү тапшырды. Ошондой эле жолду капиталдык оңдоо иштери менен катар тротуарларды курууга өзгөчө көңүл буруу милдетин койду.

Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына тротуарларды курууга тоскоол болгон объектилерди демонтаждоо, ошондой эле уруксатсыз орнотуулардан тазалоо иштерин улантуу тапшырылды. Муниципалдык инспекцияга көрктөндүрүү эрежелерин бузган чарба жүргүзүүчү субъекттерге чара көрүү тапшырмасы берилди. Райондун акимдерине жолдорду капиталдык оңдоого байланыштуу бардык иштерди көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди.











Видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: