super.kg logo

Жапаров Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жаңы административдик жана окуу корпустарын ачты

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров кечээ, 28-сентябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жаңы административдик жана окуу корпустарынын ачылыш аземине катышты. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 3 кабаттуу, 1500 орундуу, жалпы аянты 4580 чарчы метрлик окуу корпусунун курулушу аяктаган. Мындан тышкары 2080 чарчы метрлик 3 кабаттуу административдик имараттын курулушу аяктады. Жаңы корпустар заманбап компьютердик технологиялар, эмеректер жана керектүү жабдуулар менен жабдылган.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бул окуянын облустун жана жалпы республикадагы билим берүү системасын өнүктүрүүдөгү маанисин белгиледи. Садыр Жапаров Жалал-Абад мамлекеттик университети Кыргызстандын алгачкы окуу жайлардын бири болгонун, бул жерде алгач 1923-жылы кыска мөөнөттүү педагогикалык окуу курсу ачылганын айта кетти. Ал эми 1993-жылы болсо агроөнөр жай, педагогикалык билим берүү, курулуш, электроника, энергетика боюнча жогорку билимдүү адистерди даярдоо максатында Жалал-Абад мамлекеттик университети түптөлөт. Ал сыймыктануу менен ошол күндөн тарта ушул күнгө чейин университеттен жогоруда аталган тармактарды өнүктүрүүгө зор салым кошуу менен өлкөнүн өнүгүшүнө из калтырган миңдеген адистер чыкканын белгиледи.

Мамлекет башчысы окутуучулук курамга кайрылып, өлкөнүн туруктуу өнүгүшү үчүн бардык тармактарда күчтүү, квалификациялуу, заманбап адистер талап кылынып жатканына токтоло кетти. Мындан улам аларды кесипкөй адистерди даярдап чыгаруу жаатындагы ишмердиктин натыйжасын көрсөтүүгө чакырды.

Мындан тышкары Садыр Жапаров Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун алкагында миллиондогон сомдук долбоорлордун үстүндө иштеп жаткан студенттердин ишмердүүлүгүн жогору баалап, бул, албетте, университеттин келечеги үчүн жаңы перспективаларды ача турганын белгиледи.

Президент сөз сүйлөгөндөн кийин жаңы корпустарды кыдырып, окуу класстарын, спорт жана жыйындар залдарын, ашкананы, лабораториялар жана башка жайларды, анын ичинде робототехника кабинетин көрүп чыкты. Андан соң студенттер менен баарлашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: