super.kg logo
  Спорт  

Футбол: Бүгүн жаштар курамасы Азия кубогунун жолдомосу үчүн чечүүчү беттеш өткөрөт

 

Бүгүн, 29-сентябрда Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков стадионунда жаштар арасында 2025-жылкы Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Японияга каршы чечүүчү беттеште кез келет.

Кыргыз футбол биримдиги билдиргендей, Мирлан Эшеновдун жетекчилиги алдындагы жаштар курама командасы «I» тайпасында Мьянма, Түркмөнстан жана Жапония командалары менен бирге жайгашкан.

Турнирдин эки турунун жыйынтыгында, курамабыз Япония (6 упай) командасынан кийин, турнирдик жадыбалда 6 упай менен экинчи орунда. Түркмөнстан 0 упай менен үчүнчү орунда, жадыбалды 0 упай менен Мьянма бекитти.

Тандап алуу оюндарга жалпысынан 10 тайпага бөлүнгөн 45 курама команда катышууда. Азия биринчилигинин финалдык бөлүгүнө тайпанын жеңүүчүсү жана тайпада эң мыкты көрсөткүчтөр менен экинчи орунду ээлеген беш курама жолдомо алышат.

Японияга каршы оюн саат 20:00 старт алып, ал эми футбол күйөрмандарын саат 18:00 баштап, Freeman 996’нын катышуусундагы шоу-программа күтөт.

Билеттер www.kassir.kg сайтында жеткиликтүү! Оюндун түз алып берүүсү Кыргыз Спорт ТВ жана УТРК Спорт каналында жеткиликтүү болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: