super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Зардалыга барып, жол салынып, электр жарыгы тартыларын айтты 

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 29-сентябрда Баткен облусунун алыскы Зардалы айылына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы келерки жылдын жазында калктуу конушка баруучу жолдун курулушу башталарын, андан соң Зардалыны электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлөрүн айтты.

Айыл тургундары президентке ыраазычылык билдирип, бул мамлекет башчынын алардын калктуу конушуна болгон биринчи сапары экенин белгилешти. Алардын айтымында, негизги көйгөйлөр болуп жолдун жана электр энергиясынын жоктугу саналат.

Мындан тышкары жашоочулар уюлдук байланыш маселесин чечүү өтүнүчү менен кайрылышты, ал боюнча Садыр Жапаров Президенттин администрациясынын кызматкерлерине тиешелүү тапшырмаларды берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: