super.kg logo

Бишкекте милиция кызматкерлери 17 жаштагы өспүрүмдү өз жанын кыюуга жеткиргени айтылууда. Чоо-жайы

 

Бишкекте 17 жашар өспүрүмдү өз жанын кыюуга жеткирген милиция кызматкерлери изделүүдө. Бул тууралуу маалымат бүгүн, 29-сентябрда социалдык тармактарда тарады.

Андагы маалыматка караганда, 26-сентябрда болжол менен саат 10-12лер чамасында Раззаков-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде 17 жаштагы Улан аттуу өспүрүм классташы менен мектептен келатып сейилдөө учурунда чылым чегүүнү чечишкен. Аларды патрулдук милиция кызматкерлери байкап калып, коркутуп, 3 миң сом акча талап кыла баштаган. Алар ата-энесинин катышуусу жок протокол түзүшүп, өспүрүмдөрдүн тааныштарына телефон чалып, акча таап берүүнү талап кылышкан. Милиция тарабынан бир нече жолу коркутуулар болгон.

Натыйжада өспүрүмдөр түшүнүксүз жагдайда бошотулган. Анда кийин Улан үйүнө келип, өз жанын кыйган. Экспертизанын жыйынтыгында анын канынан баңгизаттардын, психотроптук заттардын жана спирт ичимдиги табылган эмес

Ал эми жолдон кармап алып коркуткан милициялардын өздүгү тууралуу маалымат жок.

Бүгүн Бишкек ШИИББи окуя тууралуу үн катты:

Бишкек милициясы билдиргендей, 26-сентябрда саат 12:48 чамасында милицияга калаадагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өспүрүмдүн жансыз денеси асылып турган абалда табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул фактынын негизинде тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге дароо барып, каза болгон өспүрүм борбордогу мектептердин биринин окуучусу, 2007-жылы туулган Ч.У. экенидигин аныкташкан.

Аталган факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

"Инстаграм социалдык тармагындагы баракчалардын биринде жарыяланган бул окуя боюнча билдирүү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын көзөмөлүнө алынганын билдиребиз. Бардык зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүп, анда келтирилген аргументтер кылдат текшерилет", - деп айтылат маалыматта.

Борбор калаанын милициясынын жетекчилиги маркумдун жакындары менен дароо байланышып, аларды кабыл алууга чакырганы жана толук маалымат кийинчерээк берилери кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: