super.kg logo

"Хезболла" кыймылынын лидери Насралланын ордуна ким келет?

 

Хашем Сафиддин (солдо)

“Хезболланын” лидери Хасан Насралла Израилдин аба соккусунан Бейруттун четинде набыт болгону ырасталгандан кийин, эксперттердин көңүлү анын мураскери Хашем Сафиддинге бурулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Насралланын аталаш бир тууганы, 1964-жылы Ливандын түштүгүндө туулган Сафиддин учурда "Хезболланын" аткаруу кеңешин жетектейт. Ал 1982-жылы уюм негизделгенден бери мүчө.

1980-жылдары Сафиддин Иранда Насралла менен бирге окуган. Ал 1994-жылы топтун саясий иштерин көзөмөлдөө үчүн Бейрутка кайтып келгенден бери мураскердин ролуна даярдалган. Сафиддин өзүнүн жалындуу сөздөрү жана Израилге карата катаал позициясы менен белгилүү.

“Хезболланын” жаңы потенциалдуу лидери Иран менен тыгыз байланышта. Анын уулу Ирандын Кудс күчтөрүнүн мурдагы командири Касем Сулейманинин кызы менен үйлөнгөн.

2017-жылы АКШ Сафиддинди террорчулардын тизмесине кошкон.

Эксперттердин белгилешинче, Сафидиндин “Хезболланын” жетекчилигине келиши уюмдун Израилге карата катаал позициясын улантуу жана Иран менен тыгыз байланышты сактоо дегенди билдирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: