super.kg logo

Зеленский Трамп анын “жеңиш планын” жактырганын айтты

 

Дональд Трамп АКШдагы президенттик шайлоодо жеңип чыкса, Украинаны колдоого убада кылды. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский Нью-Йоркто экс-президент менен жакында болгон жеке жолугушуусунда сөз болгонун билдирди.

"Дональд Трамп түздөн-түз биз тарапта болорун, Украинаны колдой турганын ачык айтты", - деди Зеленский америкалык Fox News каналына берген маегинде.

Украин президенти ошондой эле Трамп менен өзүнүн “жеңиш планын” бөлүшкөнүн жана экс-президент ага абдан кызыкдар экенин айтты. Мындан тышкары Зеленскийдин айтымында, Трамп согуштун жүрүшү, анын себептери жана Украинанын коргонууга болгон учурдагы муктаждыктары тууралуу көп сураган.

Зеленскийдин планынын негизги пункту – Вашингтондун америкалык куралды украин аскерлерине эч кандай чектөөсүз колдонууга уруксат берүүсү, ошондой эле аскердик жардамдын көлөмүн көбөйтүүсү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: