super.kg logo
  Спорт  

Кыргызстандын жаштар курамасы Азия кубогуна жолдомо алды

 

Кечээ, 29-сентябрда Бишкек шаарынын Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда 20 жашка чейинки жаштар арасындагы 2025-жылкы Азия кубогунун тандоо оюндарынын 3-турунун алкагында Кыргызстан менен Жапония беттешти.

Башкы машыктыруучу Мирлан Эшеновдун жетекчилиги алдындагы команда Мьянма, Түркмөнстан жана Жапония курама командалары менен «I» тайпасына кирген.

Команда Мьянманы 2:0 эсебинде жеңсе, Түркмөнстанды 1:0 эсебинде жеңген.

"Тандоо туруна 10 тайпага бөлүнгөн 45 команда катышууда. Өз тайпаларында биринчи орунду ээлеген командалар, ошондой эле 2-орунга ээ болгон алдыңкы 5 команда Азия кубогунун финалдык баскычына жолдомо алат", - деп айтылат маалыматта.

Кечээ болсо Кыргызстан менен Жапония беттешип, 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктап, кыргыз курамасы турнирдик жадыбалда 7 упай менен 2-орунду ээледи. Жыйынтыгында курама команда Азия кубогуна жолдомо алды.

Жапония 7 упай менен 1-орунда, Түркмөнстан 3 упай менен 3-орунда, Мьянма 0 упай менен 4-орунда.

Азия кубогунун финалдык этабы 2025-жылдын 6-23-февралында Кытайда өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: