super.kg logo

Непалда суу ташкынынан 170 адам каза болду

 

Непалдагы суу ташкынынан 170 адам каза болуп, дагы 42 адам дайынсыз жоголгон. Бул туурасында чет элдик басылмалар өлкөнүн ички иштер министрлигине шилтеме берүү менен кабарлады.

Маалымдалгандай, каза болгондордун көпчүлүгү өлкөнүн борбору Катмандуда катталган. Шаарды аралап өткөн дарыя жаан-чачындан улам толуп, суу нугунан чыгып кеткен.

“Катмандуда бир нече кварталды суу каптаган. Тийиштүү кызматтар техникалардын жардамы менен чоң каналдарды таштандыдан тазалап жатат. Шаар Непалдын башка аймактары менен байланыша албай калган абалга келди. Борболр калаанын түштүк тарабындагы кырсыкка кабылгандардын көпчүлүгү унаа менен жер көчкүнүн алдында калып каза болгон”, - деп билдирген ИИМдин өкүлү Риши Рам Тивари.

Кошумчалангандай, жергиликтүү бийлик 3 миңге жакын адамды сактап калган. Тургундар тик учактар жана кайыктар менен коопсуз аймактарга жылдырылган.

Ошондой эле, шаарда Эл аралык Кызыл Крест комитетинин (ЭККК) кызматкерлери тарабынан эвакуациялык борборлор жана гуманитардык жардам пункттары түзүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: