super.kg logo

Транспорт министри Зардалыга барчу жолдун абалы менен таанышып кайтты (сүрөт)

 

Кечээ, 29-сентябрда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Баткен облусунун алыскы Зардалы айылына жөө баруучу жолдун абалы менен жеринен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен келерки жылдын жазында калктуу конушка баруучу жолдун курулушу башталат.

"Бир апта мурда Зардалыга бара турган жалгыз унаа жолдун тар жерлери тазаланып, кеңейтилген.

Зардалы бийик тоолуу, жетүүгө кыйын болгон алыскы айыл. Жол жыл сайын май-июнь айларында ачылып, кыш түшкөндө жүрүүгө мүмкүн болбой калат", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кечээ, 29-сентябрда Садыр Жапаров аталган айылга барып, жергиликтүү жашоочулар менен жолуккан. Анда жергиликтүү тургундар жол жана электр энергиясынын жоктугу негизги көйгөй экенин билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: