super.kg logo

Жаңы "Аккула" ат майданы Военно-Антоновка айыл аймагына курулат

 

Жаңы "Аккула" ат майданы Сокулук районундагы Военно-Антоновка айыл аймагына курула турган болду. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, ат майданды курууга 31 миллион 85 миң сом сарптоо пландалууда. Ал эми тендер боюнча арыздар 14-октябрга чейин кабыл алынат.

Ат майдандын жалпы аянты 224,8 гектарды түзөт. Көрүүчүлөр үчүн 30 миң орундук жана миңден ашык унаа токтой турган жай салынары айтылды. Мындан тышкары 500 орундуу мейманкана, 1000 орундуу ашкана, 20 жылкыга ылайыкталган аткана, даараткана, административдик имарат салынары пландалып жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектеги эски "Аккула" ат майданынын ордуна "Москва-Сити" сыяктуу борбор курула турганы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: