super.kg logo

Судьялар кеңеши Тоң райондук сотунун төрайымын кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди

 

Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрайымы Гүлзат Абдинасированы кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берилди. Бул тууралуу Судьялар кеңешинен билдирди.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура Судьялар кеңешине Абдинасированы кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушун берген. Көзөмөл органынын сунушу 28-сентябрдагы жыйында каралып, макулдук берилген.

Ошондой эле президентке судьяны ээлеген кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө сунуш жөнөтүлгөн.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) жана 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айыпталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: