super.kg logo

Байден Жакынкы Чыгышта согуш болтурбоого чакырды

 

АКШнын президенти Жо Байден ондогон адамдардын, анын ичинде "Хезболланын" лидери Хасан Насралланын өмүрү кыйылган Израилдин Ливандагы бир катар аба чабуулдарынан кийин Жакынкы Чыгышта кеңири масштабдагы согушту болтурбоо зарылдыгын айтты. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазды.

"Биз чындап эле мындан качышыбыз керек", - деген Байден журналисттерге.

Ошондой эле ал Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен сүйлөшүү ниетин билдирди.

Ливандагы кырдаал курч бойдон калууда. Ливандын премьер-министри Нажиб Микатинин айтымында, миллионго жакын адам үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду.

Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Израилдин 23-сентябрдан берки бомбалоосунан 816 киши өлүп, 2500дөн ашууну жарадар болгонун билдирди. Былтыр жаңжал башталгандан бери жалпысынан 1673 адам набыт болгон, алардын 194ү аялдар жана 104ү балдар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: