super.kg logo

Эртең Бишкекте карылар күнүнө карата жарманке уюштурулат 

 

Эртең, 1-октябрда Бишкекте Эл аралык карылар күнүнө карата "Жүрөктөн жүрөккө" аттуу кайрымдуулук жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, жарманкеге өлкө аймактарынан келген лидерлердин жана улгайган адамдардын өкүлдөрүнөн турган 40ка жакын өз алдынча жардам топтору катышат. Алар жүндөн, кийизден жасалган буюмдарды тартуулашат.

"Иш-чара Эл аралык карылар күнүнө жана Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө арналып, жигердүү картаюуга жана улгайган жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган", - деп жазылат маалыматта.

Иш-чара Эркиндик бульварындагы Курманжан датканын эстелигинин жанында уюштурулат. Жарманке 10:00дөн 13:00гө чейин уланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: