super.kg logo

Чүйдө 31 жаштагы жаран бөтөлкөлөшүн өлтүргөнгө шектелип кармалды

 

Чүй облусунун Панфилов районунда адам өлтүрүүгө шектелип 31 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда облустук милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-сентябрь күнү милицияга Кайыңды шаарындагы үйлөрдүн биринде 42 жаштагы жаран киши колдуу болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө 26-сентябрь күнү болжол менен саат 03:00 чамасында аталган даректе 42 жаштагы жаран менен 31 жаштагы жаран чогуу спирт ичимдиктерин ичип отурушуп жаңжалдаша кеткени аныкталган. Ал күнү шектүү маркум мурда уурдап алган акчасын кайтарып берүүнү талап кылганда аны ашкана бычагы менен сайып, кылмыш болгон жерден качып кеткен.

Окуя болгон жерден ашкана бычагы далил катары табылып, факты боюнча бардык керектүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалган. Шектүү катары 1993-жылы туулган Г.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: