super.kg logo

Польшанын президенти мөөнөтү аяктаса сот жообуна тартылышы мүмкүн экендиги айтылды

 

Польшанын президенти Анджей Дуда президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин жарандарды кемсинткендиги үчүн сотко чакырылат. Мындай маалыматты Польшанын ксенофобиялык жана расисттик жүрүм-турумду көзөмөлдөө борбору билдиргенин чет элдик маалыматтар кабарлашты.

Маалымдалгандай, борбор президентти сотко бергендигинин себеби, ал түз эфирде “Жашыл чек ара” аттуу миграциалык багыттагы тасмага комментарий берип, тасманын көрүүчүлөрүн чочкого теңеген. Анткени тасмада чек ара кызматкерлеринин мигранттарга болгон маселеси айтылып, президент аларды жактаган.

“Варшава аймактык соту отурумду 2025-жылдын 24-октябрына белгилеген. Иш ачык каралат, каалаган адам сот залындагы уктурууга түз туташа алат”, - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: