super.kg logo
  Спорт  

Ташиев футбол боюнча жаштар курамасын Азия кубогуна чыгышы менен куттуктады

 
Бүгүн, 30-сентябрда Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев футбол боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасынын эртең мененки тамактануусуна катышты. Бул туурасында футбол биримдигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, Ташиев команданы, машыктыруучулук жана административдик штабдын мүчөлөрүн 2025-жылкы Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө чыгышы менен куттуктады.
Ошондой эле курама команданы КФБнын биринчи вице-президентти Нурдин Букуев, башкы катчысы Медербек Сыдыков, Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Максим Лисицын куттукташты.
Өз кезегинде команданын башкы машыктыруучусу Мирлан Эшенов жана команданын вице-капитаны Атай Эшенкулов жетекчиликке командага көрсөткөн колдоосу жана ишеними үчүн ыраазычылык билдиришти.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: