super.kg logo

АКШда Хелен бороонунан каза болгондордун саны 116га жетти

 

АКШнын түштүк-чыгышында болгон Хелен бороонунан каза болгондордун саны 116га жетти. Бул тууралуу CBS News телеканалы билдирди.

Телеканал табигый кырсыктын кесепетинен каза болгондор тууралуу маалымат АКШнын түштүгүндөгү алты штаттан келгенин тактады.

Каза болгондордун эң көбү Түндүк Каролинада катталды – 46 адам. Ошол эле маалда Түштүк Каролинада 27 адам болсо, Жорджияда 25, Флоридада 13 адам каза тапкан. Дагы 4 адам Теннессиде, бирөө Вирджинияда каза болду.

Алдын ала эсеп боюнча, бороондон АКШга келтирилген жалпы зыян 95 миллиард доллардан 110 миллиард долларга чейин болушу мүмкүн.

Find Energy мониторинг кызматынын маалыматы боюнча, бороон-чапкындан жапа чеккен штаттарда дээрлик 2 миллион керектөөчү электр жарыгысыз калууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: