super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров иш сапары менен Арменияга барат

 

Өкмөт башчы Акылбек Жапаров иш сапары менен Армениянын Ереван шаарына барат. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышат. Ошондой эле Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынында сөз сүйлөйт. Мындан тышкары бир катар жолугушуулар пландалып жатканы айтылды.

"Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын күн тартибине 20дан ашык маселе киргизилген", - деп жазылат маалыматта.

Аталган жыйынга Армения, Беларусь, Казакстан, Орусиянын өкмөт башчылары катыша турганы маалым болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: