super.kg logo

Министрлик мектептеги кенже кызматкерлердин айлыгын көтөрүүнү сунуштады

 

Өлкөдө мектептердеги кенже кызматкерлердин айлыгын көтөрүү сунушталууда. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев бүгүн, 30-сентябрдагы парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Айтымында, учурда кенже тейлөөчү кызматкерлер 5600 сомдон 11 миң сомго чейин айлык алышат.

"Бүгүнкү күндө кенже тейлөөчү кызматкерлердин айлыктары чындыгында аз. 5600 сомдон 11 миң сомго чейин эле. Буга чейин Финансы министрлиги бардык мамлекеттик мекемелердин кенже тейлөөчү кызматкерлеринин айлыктары боюнча маселени чогуу карала турганын айтышкан. Анын ичинде билим берүү тармагы дагы бар. Азыр ошол багытта иштеп атабыз", - деди Супаналиев.

Супаналиев Финансы министрлигинен айлыкты 100 пайызга көтөрүүнү суранып жатышканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: