super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар Түштүк Кореядагы элчинин ишин текшерүү үчүн комиссия түзмөй болушту

 

Бүгүн, 30-сентябрдагы Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Кубанычбек Самаков өлкөнүн Түштүк кореядагы элчиси Аида Исмаилованын ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

Ал комиссия УКМКнын кызматкерлеринен дагы кошуу керектигин белгиледи.

"Азыр ЖМКларда анын ишмердүүлүгү тууралуу чоң талкуу жүрүп жатат. Биз тармактык комитет катары депутаттык комиссия түзсөк. Комиссияга атайын кызматтын өкүлдөрүнөн дагы кошуш керек. Аткени бизге Түштүк Кореядан жарандарыбыз, Кыргызстанга инвестиция алып келебиз дегендер кайрылып жатат", - деди Самаков.

Жыйынтыгында депутаттар Самаковдун сунушун бир добуштан колдошту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: