super.kg logo

Израил ушул аптада Ливанга басып кирүүсү мүмкүн

 

Израил ушул аптада Ливанга кургактыктан кол салышы мүмкүн. Бул тууралуу Wall Street Journal кырдаалдан кабардар булактарга таянып жазып чыкты.

Басылманын билдирүүсүнө караганда, азыр Израилдин чалгын кызматтары Ливандын түштүгүндө чалгындоо маалыматын жыйноо үчүн чакан рейддерди жүргүзүп жатышат.

"Израилдин атайын күчтөрү Ливандын түштүгүнө рейддерди жүргүзүп, чалгындоо маалыматын чогултуп, ушул жумада болуу ыктымалдуулугу бар кургактыктан басып алууга даярдык көрүүдө , - деп жазат гезит.

Өткөн аптадан бери Израилдин аба күчтөрү Ливандын ар кайсы аймактарында "Хезболла" кыймылынын буталарына массалык сокку урууда. Бейрутта да бир нече максаттуу аба соккулары катталып, анын натыйжасында "Хезболланын" жогорку даражалуу командирлери жок кылынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: