Саламаттыкты сактоо министрлигине жаңы орун басар дайындалды



Бүгүн, 30-сентябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин жаңы орун басары дайындалды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Министрлер кабинетинин буйругуна ылайык, Айжамал Шамбетова ээлеген кызматынын бошотулуп, ордуна Каарманбек Байдавлетов келген.
Президентин администрациясынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Элден Калчакеев Саламаттык сактоо министрлигинин борбордук аппаратына министрдин жаңы орун басарын тааныштырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.