super.kg logo

Казакстанда декреттик өргүүдө жүргөн аскер кызматкери өз жанын кыйды

 

Казакстандын Актау шаарында декреттик өргүүдө жүргөн аскер кызматкери өз жанын кыйды. Маалыматты Актау гарнизонунун басма сөз кызматы тастыктаган. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.

Маалым болгондой, 39 жаштагы контракттык кызматтын аскер кызматкеринин жансыз денеси өз батиринен табылган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, келишим боюнча кызмат өтөгөн аскер кызматкери үй-бүлөлүк чырдан улам өзүн-өзү өлтүргөн. Анын себептери жана жагдайлары такталууда. Факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле маалыматта аскер кызматкери бир жыл мурун бала кароо үчүн декреттик өргүүгө чыкканы айтылат.

Эске салсак, буга чейин 19-сентябрда Казакстандын Абай облусунда аскер кызматкеринин жансыз денеси кызматтан тышкаркы убакта жашаган жериндеги батирден табылганы маалым болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: