super.kg logo
  Саясат  

Евразиялык аялдар форуму Айгүл Жапарованы диплом менен сыйлады

 

Евразиялык аялдар форумунун уюштуруучулары Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарованы коомдук демилгелери үчүн диплом менен сыйлады. Бул тууралуу Айгүл Жапарова Фейсбук социалдык баракчасына жазып чыкты.

Маалым болгондой, форум Санкт-Петербургда болуп өткөн. Аталган форум дүйнө жүзү боюнча аял лидерлердин диалогу үчүн ири эл аралык аянтча болуп саналат.

"Урматтуу Валентина Ивановна!

"Коомдук таануу" сыйлыгын тапшырууга байланыштуу мага көрсөткөн колдооңуз жана баалооңуз үчүн чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдирем. Бул сыйлык аялдардын коомдун туруктуу өнүгүүсүнө, тынчтык үчүн күрөшүүсүнө жана жигердүү кайрымдуулук иштерине кошкон салымын белгилейт. Сиздин мындай маанилүү демилгелерге көңүл бурууңуз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдейт. Сизге ыраазычылык!", - деп жазган биринчи айым.

Белгилей кетсек, “Коомдук таануу” сыйлыгын Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова тапшырды.

Маалымат үчүн: Сыйлык Евразиялык аялдар форуму тарабынан негизделген жана коомдун туруктуу өнүгүүсүнө, тынчтык үчүн күрөшүүгө кошкон салымы, кайрымдуулук жана коомдук активдүү ишмердүүлүгү үчүн ыйгарылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: