super.kg logo

Жергиликтүү кеңештеги шайлоого кандай өзгөртүүлөр кирди? БШКнын жообу

 

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жергиликтүү кеңештерге шайлоодо айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлер үчүн күрөө коюу жокко чыгарылганын жана шаардык кеңештерге шайлоого катышкан саясий партиялар үчүн шайлоо босогосу 7 пайыздан 5 пайызга төмөндөтүлгөнүн билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-сентябрда "Кабар" агенттигине курган маегинде

Ал шайлоодогу мындай өзгөрүүлөр "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү" мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдөн улам ишке ашып жатканын белгиледи.

"17-ноябрга белгиленген жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо бир катар өзгөрүүлөр менен өткөнү турат. Бул шаардык кеңештерге шайлоо босогосунун төмөндөөсү, экинчиден айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсүнүн жоюлуусу. Андан сырткары администртивдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууга каршы чара катары кошумча талаптар коюлуп жатат. Мисалы, мамлекеттик же муниципалдык ишканалардын жетекчилери шайлоого катышса, алар өзүнүн кызмат ордун толугу менен өткөрүп берип анан катыша алат. Башка категориядагылар кызматын убактылуу токтотуп катыша алышат", - деген Шайлдабекова.

Шайлдабекова жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлер "Электрондук талапкер" программасы аркылуу документтерин электрондук түрдө киргизе аларын белгилеп, шайлоо күнү ар бир шайлоо тилкесинде видео байкоо жүргүзүлөрүн кошумчалаган.

Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып, 7-октябрда саат 18:00гө чейин жүргүзүлөт, талапкерлерди каттоо 18-октябрда аяктайт. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 17-октябрь саат 18:00гө чейин, ал эми талапкерлерди каттоо 28-октябрь күнү аягына чыгат.

Белгилей кетсек, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо 17-ноябрда өтөт. 6-сентябрда президент Садыр Жапаров "Жергиликтүү кеңештерди таркатуу жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыкка кол койгону маалым болгон. Жергиликтүү кеңештин депутаттары аймактарда жана шаарларда административдик-аймактык реформанын жүргүзүлүшүнө байланыштуу таркатылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: